• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баасы дээрлик 2,5 млн сом. Бажы кызматкерлери декларацияланбаган товарларды аныктады

Укук тартиби 0

Бишкек, 01.03.22. /Кабар/. Бажы кызматкерлери жалпы баасы дээрлик 2 млн 500 миң сомду түзгөн декларацияланбаган товарларды аныктады. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Түштүк-Батыш бажысынын «Ош Аэропорту» ААБЖЖЖ кызматкерлери тарабынан «Автоэкспресс Инвест» убактылуу сактоо кампасынын аймагында цементти өндүрүү үчүн жабдуулардын комплектисин бажылык текшерүү учурунда, жалпы салмагы 11 тонна 117,76 кг болгон ысыкка чыдамдуу боёктор, жалпы салмагы 2 тонна 209,08 кг болгон боёк эриткичтер табылган. Товардын жалпы баасы 1 млн 923 миң сомду түзөт.

Мындан тышкары, Түштүк-Батыш бажысынын кызматкерлери тарабынан «Автоэкспресс Инвест» убактылуу сактоо кампасынын аймагынан никотинди бир жолу колдонуучу электрондук жеткирүү системалары (никотин суюктугу бар/жок), картридждерде никотин камтыган суюктук аныкталган. Товардын орточо базар баасы 523 миң сомду түзөт.

Товарлар декларацияланган эмес.

Жогорудагы фактылар боюнча материалдар КБР МЭЖ АМСке катталып, Ош прокуратурасына өткөрүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий