• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өзбекстанда киши өлтүрүү үчүн издөөдө жүргөн өзбек жараны Кыргызстанда кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 12.11.21. /Кабар/. Өзбекстанда киши өлтүрүү үчүн издөөдө жүргөн өзбек жараны Кыргызстанда кармалды. Бул тууралуу КР Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, КР ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү
боюнча жүргүзүлгөн иштердин алкагында Кыргыз Республикасынын чек арасынан мыйзамсыз өткөн Өзбекстан Республикасынын 1983-жылы туулган Х.С., аттуу жаранын кармашты.

Ал миграция жөнүндөгү мыйзамды бузуп, 2016-жылдан бери Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн. Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө атайын киши өлтүрүүгө шектелген жаран Х.С. 2016-жылдан бери Өзбекстандын укук коргоо органдарынан изин жашырып жүргөн жана мамлекеттер аралык издөөдө болгон.

Учрда ал Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, шектүүнүн башка кылмыштарга тиешеси бардыгын тактоо боюнча кошумча иш-чаралар
жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий