• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Нарын облусунда 22 тез жардам унаасы, 33 жасалма дем алдыруучу аппарат бар

Аймак 0

Бишкек, 26.08.20. /Кабар/. Нарын облусунда 22 тез жардам унаасы, 33 жасалма дем алдыруучу аппарат бар. Бул тууралуу онлайн брифинг учурунда өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлүнүн орун басары Семетей Черикбаев билдирди.

Анын айтымында, учурда облуста 55,6 миң коргонуучу кийим бар. Алардын 49,5 миңи мамлекеттик бюджеттен эсебинен, калган 6 миңи демөөрчүлөрдүн эсебинен алынган.

"48,3 миң респиратор бар болсо, анын 38 миңи мамлекеттик бюджеттен эсебинен, 9,6 миңи демөөрчүлөрдүн эсебинен алынган. Облус боюнча 33 жасалма дем алдыруучу аппарат бар. Анын 27си мамлекеттик бюджеттен эсебинен алынса, алтоону демөөрчүлөр алып беришти. Ошондой эле 769 кычкылтек концентратору бар. Көбүнчөсү сактоодо турат. Учурда облуста 22 тез жардам унаасы иштеп жатат", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий