• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Нарын облусунда 63 айыл аймагы ирилештирилип, 27 айыл өкмөтү түзүлдү

Аймак 0

Бишкек, 03.05.23. /Кабар/. Бүгүнкү күндө Нарын облусунда административдик-аймактык реформа же айыл аймактарын ирилештирүү долбоорунун негизги жумуштары ишке ашты. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, облустагы 63 айыл аймагы ирилештирилип, 27 айыл өкмөтү түзүлдү жана айыл өкмөт башчылары дайындалды. Эми айыл өкмөттөрүнүн штаттык бирдиктери боюнча иш алып барылат.

Маселе 2-майда президенттин Нарын облусундагы өкүлү Алтынбек Эргешов, ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынын жооптуу кызматкерлери жана бардык райондордун акимдери, финансы бөлүмдөрүнүн башчылары, облустук, райондук комиссиялардын төрагалары, ири жана чакан айыл өкмөттөрүнүн башчылары катышкан жыйында каралды. Анда айыл өкмөттөрүнүн штаттык бирдиктери боюнча маселе көтөрүлдү.

"Айыл өкмөттөрүнүн штаттык бирдиктери боюнча жумуштар май айынын 20сына чейин аяктап, июнь айынын башында канча штаттык бирдик кыскарып, канча каражат үнөмдөлгөнү белгилүү болуп калат", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, учурда Нарын облусунда айыл аймактарын ирилештирүү реформасы менен бирге айыл аймактарында ирригация, ичүүчү суу, тазалык, жайыттарды башкарууну комплекстүү уюштуруу боюнча пилоттук долбоор ишке ашып жатат.

Пикир

Оставить комментарий