• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандын мамлекеттик карызы дээрлик 5,6 млрд долларды түзөт

Экономика 0

Бишкек, 03.05.23. /Кабар/. 2023-жылдын февралына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызынын (ички жана тышка) көлөмү 5 млрд 698,90 млн долларды же 489 млрд 439,29 млн сомду түзөт. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Ведомствонун маалыматына караганда, анын ичинен ички карыз - 1 млрд 104,53 млн доллар, ал эми тышкы карыз - 4 млрд 494,37 млн доллар.

Мындан мурда 2023-жылдын январь-март айларында Кыргызстандын мамлекеттик карызын тейлөөгө (тышкы+ички) бюджеттен 9 млрд сом бөлүнгөнү маалымдалган.

Пикир

Оставить комментарий