• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Нарында окуучулар арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 13.04.22. /Кабар/. Нарын районунун аймагындагы жалпы билим берүүчү мектептеринде окуучулар арасында кылмыштуулуктун, зордук-зомбулуктун, эрте никеге туруу, жаш балдар арасында сууга чөгүүлөрдүн алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүлүп жатат.

Облустук милициянын басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чара Нарын райондук жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте Ардагерлер кеңеши жеринде ата-энелер менен жолугушуулар уюштурулуп, район аймагында катталып жаткан укук бузуулар боюнча маалыматтар жеткирилип, кылмыш кырсыктардын алдын алуу багытында Нарын РИИБнин жетекчилиги тарабынан профилактикалык түшүндүрүү иштери тынымсыз өткөрүлүп жатат.

Жолугушууда жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун, зордук-зомбулуктун алдын алуу жана болтурбоо, ата-энелер тарабынан келечек муунга туура таалим-тарбия берүү, жаштардын билим алуусуна өзгөчө көңүл буруу боюнча Нарын райондук ички иштер бөлүмү кененирээк токтолуп, ар тараптуу суроолорго жооп беришти.

Нарын райондук милициясынын жетекчилиги жана Нарын райондук жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте КР президентинин жарлыгын элге жеткирүү максатында Нарын районун аймагындагы айыл тургундары менен жолугушуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат.

Пикир

Оставить комментарий