• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Нарындан келген 117 жаштагы Расия апа ID-картадагы дарегин өзгөрттү

Коом 0

Бишкек, 03.02.21. /Кабар/. Калкты тейлөө борборунун көчмө мобилдүү тобу Кыргызстандын 117 жаштагы жаранына биометрикалык ID-карта чипиндеги дарегин өзгөртүү үчүн анын үйүнө барышкан. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

"Расия апа Нарын облусунан Бишкекке көчүп келип, бардык документтери жайында болушу үчүн каттоо кызматына кайрылган. Анын 4 баласы, 40 небере-чөбөрөсү бар", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий