• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Некролог — КР УИАнын ардактуу академиги, эмгек сиңирген дарыгер Мария Нанаева дүйнө салды

Коом 0

Бишкек, 27.06.20 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын эли жана илимий интеллигенциясы орду толгус жоготууга учурап отурат.

2020-жылдын 26-июнунда Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын ардактуу академиги, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген илимий ишмери, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы, медицина илимдеринин доктору, профессор Мария Токтогуловна Нанаева, 93 жаш курагында жарык дүйнө менен кош айтышты.

Мария Токтогуловна Нанаева 1927-жылы 22-ноябрда Талас облусунда туулган. Орто мектепти аяктаган соң, ал Кыргыз мамлекеттик медицина институтуна (КММИ) тапшырып, аны 1949-жылы мыкты деген баага аяктайт. Андан соң Мария Токтогуловна медицина институтунун эң мыкты бүтүрүүчүлөрүнүн катарында Н.И.Пирогов атындагы экинчи Москва мамлекеттик медициналык институтуна аспирантурага жөнөтүлгөн. 1952-жылы М.Т. Нанаева кандидаттык диссертациясын мөөнөтүнөн эрте жактайт.

Аспирантураны аяктаган жаш адис катары, Мария Токтогуловна 1954-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтуна жумушка чакырылат. Ошол күндөн тартып Мария Токтогуловнанын ишмерлиги институт менен ажырагыс байланышта болду. 1955-1960-жылдары М.Т. Нанаева – КММИде алгач фармакология кафедрасынын ассистенти, андан соң доцент кызматтарын аркалады. 1961-жылдан 1997-жылга чейин, башкача айтканда, 36 жыл бою М.Т. Нанаева КММИнин фармакология кафедрасына жетекчилик кылды.

Бул жылдар ичинде Мария Токтогуловна кафедранын окутуу-усулдук, илимий изилдөөчүлүк жана тарбия иштерин өркүндөтүүгө зор салым кошту.

Кыргызстанда иштеген врачтардын көбү Мария Токтогуловна Нанаевадан билим алышкан.

М.Т. Нанаеванын доктордук диссертациялык ишинин алкагындагы бардык илимий иши бийик тоолуу фармакология маселелерине арналган. Көп жылдар бою экспедицияларда, оор бийик тоолуу шарттарда эксперименталдык изилдөөлөрдүн материалдары топтолгон, булар жүрөк-кан тамыр ооруларында колдонулуучу дары каражаттарынын аракеттеринин өзгөчөлүктөрүн аныктоого арналган. Бул илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыгында, ар кандай бийиктик шарттарында кардиоваскулярдык топтогу дары каражаттары жапыз тоолуу шарттарга караганда, өз фармакологиялык активдүүлүгүн башкача көрсөтөөрү аныкталган. Бул новатордук изилдөөлөр доктордук диссертация катары жалпыланып, 1974-жылы ийгиликтүү жакталган.

М.Т. Нанаева Кыргызстандын бийик тоолуу фармакологиясынын негиздөөчүлөрүнүн бири болуп саналат. Анын жетекчилиги менен 10 кандидаттык диссертация жакталган, 5 монографиянын жана окуу пособиелеринин, 80 окутуу-усулдук сунуштамалардын автору болуп саналат. 200дөн ашык илимий эмгектерди ал өзү жана окуучулары бийик тоолуу фармакологиянын актуалдуу көйгөйлөрүнө арнап чыгарышкан, жана бул эмгектерди чет өлкөдө да белгилүү.

Профессор М.Т. Нанаеванын медициналык кадрларды даярдоодогу баа жеткис салымы ата мекен тарабынан татыктуу бааланып, ага “Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген врачы” наамы ыйгарылган. Анын врачтардын жана ишин улаган окуучулардын муунун тарбиялап чыгарган эмгеги жогору бааланып, 2007-жылы КММАнын базистик жана клиникалык фармакология кафедрасына анын аты ыйгарылган.

Ал эми “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген илимий ишмери”, “Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын ардактуу академиги” аттуу жогорку наамдар Мария Токтогуловнага активдүү илимий ишмерлиги, өлкөбүздүн фармакологиясын калыптандырууга жана өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн берилди.

Мария Токтогуловна Нанаева Кандидаттык жана докторлук диссертацияларды коргоо боюнча Диссертациялык кеңештердин иштеринин алкагында Кыргызстанга илимий кадрларды даярдоого активдүү катышып келди.

Илимий-педагогикалык ишиндеги жетишкендиктери үчүн М.Т. Нанаева Кыргыз ССРинин Жогорку советинин Президиумунун жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Ардак грамоталары, Советтер Союзунун ордендери жана медалдары, Саламаттык сактоо министрлигинин жана Билим берүү, илим жана маданият министрлигинин, ошондой эле Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун Ардак грамоталары менен сыйланган.

Кесиптик ишмерлиги менен катар өзүнүн бүткүл ишмерлик жылдарында профессор М.Т. Нанаева республиканын коомдук иштерине активдүү катышып келди. Ал үч жолу Фрунзе шаардык депутаттар кеңешине депутат болуп шайланган, Бишкек шаарынын Ардактуу жараны болуп эсептелет.

Белгилүү окумуштуу, жогорку деңгээлдеги педагог жана мыкты инсан - профессор М.Т. Нанаеванын өмүрү маңыздуу окуяларга бай болуп, эмгекти сүйгөн, жогорку максаттарга жана кесибиндеги бийиктиктерге талыкпастан умтулуунун үлгүсү болуп эсептелет.

Мария Токтогулованын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз, орду толгус кайгыларын тең бөлүшөөрүбүздү билдиребиз

Мария Токтогуловна Нанаеванын жаркын элеси мекендештеринин, жакындарынын жана досторунун элесинде түбөлүккө кала бермекчи.

А.Ж.Исмаилова, М.М.Мамакеев, М.М.Мамытов, Д.А.Эсеналиев, Т.А.Темиралиев, К.А.Исаков, С.Т.Абдикаримов, У.Т.Кочкоров, М.М.Мураталиев, М.С.Джуматаев, С.А.Джумабеков, И.О.Кудайбергенова, Д.К.Кудаяров, А.З.Зурдинов, У.М.Тилекеева, А.Г.Зарифьян, И.А.Ашымов.

Пикир

Оставить комментарий