• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Некролог — ЖКнын мурдагы депутаты Роза Абдраимова мезгилсиз дүйнөдөн кайтты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 24.07.20. /Кабар/. Жогорку Кеңештин IV чакырылышынын депутаты Абдраимова Роза Асановна оорудан улам 63 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы маалымдайт.

Абдраимова Роза Асановна 1957-жылы 28-февралда Тогуз-Торо районуна караштуу Казарман айылында туулган.

Эмгек жолу:
1973-1978-жылдары Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтунда окуган. 1998-жылы Украинанын Тышкы иштер министрлигинин Дипломаттык академиясына тапшырган;

1978-жылдан баштап Ош педагогикалык окуу жайында окутуучу болуп эмгектенген;

1980-жылдан баштап Ош мамлекеттик университетинде улук окутуучулук милдетти аркалаган;

1992-жылдан баштап Кыргыз Республикасынын Украинадагы өкүлчүлүгүнүн референти;

1993-жылдан баштап Кыргыз Республикасынын Украинадагы элчилигинин кеңешчиси;

1998-жылы - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин биринчи катчысы;

1999-жылы - Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана маданият министрлигинин Эл аралык кызматташтык башкармалыгынын башчысы;

2001-жылы - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык-маданий өнүктүрүү секторунун башчысы;

2002-жылы - Жайыл райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары;

2007-жылдын 20-декабрынан 2010-жылга чейин Жогорку Кеңештин депутаты ("Ак-Жол" партиясынан);

Абдраимова Роза Асановна педагогика илимдеринин доктору, профессор, Россия Федерациясынын Социалдык жана гуманитардык илимдер академиясынын академиги, Украинадагы Эл аралык кадрлар академиясынын мүчө-корреспонденти (ЮНЕСКО), билим берүүнүн отличниги.

Илимий эмгектеринин катарында жети окуу китеби, алтымыштан ашуун макаласы бар.

Абдраимова Роза Асановнанын жаркын элеси түбөлүккө эсибизде калат. Маркумдун туугандарынын жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

Джумабеков Д. А., Бакиров М.И., Касымалиева А.К., Абдыкеримов Ш. Ш., Абдылдаев М.Ю., Абжалиев А.Т., Айдаров Н.А., Айдаров С. А., Айнакулов М.А., Акаев Ж.К., Акматов А.К., Алимбеков Н. К., Алтыбаева А.Т., Алтынбеков А., Алыбаев О.А., Аманкулов М.А., Арапбаев А.А., Артыков А.А., Аскарова А.А., Асылбаева Г.К., Аттокуров Д. Б., Байбакпаев Э.Д., Баймуратов К.Ш., Бакиров О.М., Бакчиев Ж.А., Бекешев Д. Д., Бешимбаева А.К., Бокоев К.С., Гаипкулов И.Т., Джураев С. М., Дюшалиев А.К., Жамалдинов З.И., Жапаров А.У., Жеенчороев М.К., Жетигенов Б.Ж., Жолдошбаев К.Ж., Жоробаев Ж.С., Жоробеков Т.У., Жумалиев К.М., Жунус уулу А., Жунус уулу А., Жутанов А.Т., Зулпукаров Т.З., Зулушев К.Т., Ибраев С. К., Икрамов Т.И., Иманалиев К.К., Исаева Д. Ш., Исаев Ж.Б., Исаев К.К., Казакбаев Р.А., Карамушкина И.Ю., Карашев А.А., Каримов Н.Т., Келдибаев С. А., Керезбеков К.К., Кодуранова А.С., Конушбаев Т.К., Кулбараков А.И., Кыдыралиев У.Т., Мавлянова М.Э., Мадеминов М.Г., Маматалиев М.А., Маматов А.М., Мамашева А.Т., Мамытов Т.Т., Маннанов И.А., Масабиров Т.А., Матраимов И.И., Молдобекова Г.С., Момбеков Р.Ч., Мусабекова Ж.А., Никитенко Н.Ж., Нурбаев А.М., Нурдинов Б., Нурматов К.С., Нышанов С. К., Омуркулов И.Ш., Ормонов У.З, Орозова К.Б., Осмонова А.Ш., Пирматов И.А., Примов У.Б., Райымкулов Б.К., Рысалиев З.К., Рыспаев К.Д., Сабиров М.Э., Самаев У.О., Самат Гульнара-Клара, Самигуллина А.Э., Строкова Е.Г., Субанбеков Б.Ж., Сулайманов А.Т., Сулайманов Б.И., Султанов А.М., Сурабалдиева Э.Ж., Сыдыгалиев Б.К., Сыдыгалиев Н.О., Сыдыков Б.У., Тагаев Э.С., Тиллаев Т.Г., Токторов А.С., Токтошев Э.Т., Толонов Д. Э.,Торобаев Б.Э., Торокулов Д. Г., Тотонов Н.Т., Тулендыбаев П.Р., Туманбаева Р.М., Турсунбаев А.А., Турусбеков Б.С., Турускулов Ж.К., Узакбаев А.О., Шайназаров Т.У., Шарипов З.Э., Шер-Нияз Садык, Эгембердиев М.Б., Эсенаманов З. С., Юсуров А.Л., Сабырбеков А.А, Касмамбетов С. С., Шаболотов Т.Т., Матазимов М.М.

Пикир

Оставить комментарий