• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ниязбеков Түркиянын ички иштер министри менен өз ара кызматташуу боюнча онлайн форматта сүйлөштү

Коом 0

Бишкек, 26.01.22. /Кабар/. Бүгүн, 26-январда, Кыргызстандын жана Түркиянын ички иштер министрлери Улан Ниязбеков менен Сулейман Сойлу онлайн форматтагы жолугушуусунда коомдук коопсуздукту сактоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүүнүн заманбап форматтары, санариптештирүүнүн учурдун талаптарына ылайык ийгиликтери жана өз ара кызматташуунун жаңы багыттары боюнча сүйлөштү.

ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Ниязбеков онлайн форматта төмөндөгү багыттарды баса белгиледи.

“Өткөн жылдын октябрь айында Стамбул шаарында болгон биздин жолугушуубуздун жыйынтыгы менен коомдук коопсуздукту сактоого багаттылган санариптик техникалык каражаттар бизге келди. Ошондой эле ал техникаларды колдонуу боюнча биздин кызматкерлерге үйрөтүү иштерин жүргүзүп, кесиптик чеберчилигин жогорулатууга кошкон салымыңыздар үчүн ыраазычылык билдиремин. Түркия полициясынын адистери Бишкек шаарына келишип, биздин кызматкерлерге кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү алдыңкы тажрыйбалары менен бөлүшүп, окутууларды, үйрөтүүлөрдү жүргүзүштү”, - деди Ниязбеков.

Онлайн форматтагы жолугушууда Түркия менен Кыргызстандын ички иштер министрлигинин өз ара кызматташтыгын өркүндөтүү багытында приоритеттүү максаттуу багыттар талкууланды. Алсак, жарандардын коопсуздугун жана укуктарын жогорку деңгээлде камсыздоодо, укук бузууларды алдын алууда, кылмыштуулук менен күрөшүүдө, ошону менен бирге баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы иш алып барууда жана заманбап техникалык каражаттарды колдонууда өз ара тажрыйба алмашуу багытында иштерди күчөтүү керектиги баса белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий