• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

"Ташкент-Балыкчы" поезд каттамы 2018-жылдын жайында ачылат

Коом 0

Бишкек, 27.12.17 /Кабар/. 2018-жылдын жай мезгилинде "Ташкент-Балыкчы" поезд каттамы ачылат. Аталган поезд Өзбекстан темир жолунун курамы менен жумасына бир жолу каттай турганын "Кыргызтемиржолу" ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, каттамдын иш ыргагы төмөнкүдөй: 2018-жылдын 16-июнунан тартып, 25-августка чейин Ташкент шаарынан ар ишемби күндөрү чыгат жана 17-июньдан тартып, 26-августка чейин "Балыкчы" бекетине ар жекшемби күнү келет.

2018-жылдын 18-июнунан тартып, 27-августка чейин Балыкчыдан ар дүйшөмбү күнү чыгып, 19-июндан тартып, 28-августка чейин ар шейшемби күнү Ташкент шаарына келет.

Белгилей кетсек, жол жүрүү билеттери 2018-жылдын май айынан баштап сатыла баштайт.

Ал эми жол жүрүү билеттеринин баалары жана жөнөө убактылары боюнча кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий