• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Суу кар менен ызгардуу шамал Чүй жана Талас облустарынын бир катар айылдарын жарыксыз калтырды

Коом 0

Бишкек, 27.12.17 /Кабар/. Суу кардын калың түшүшү жана шамал Чүй жана Талас облустарынын электр жарыгынын өчүрүлүшүнө себеп болду.

"Түндүкэлектр" ишканасынын басма сөз кызматы билдиргендей, райондук электр тармактарда түшкөн кардын салмагынан, бак-дарактардын бутагынын оордугунан аба чубалгылар үзүлүп кеткен. Кээ бир чубалгылардын участокторунда шамал аба чубалгылардын чачышына, изоляторлордун, чубалгы ажыраткычтардын жана башка жабдууларынын бузулушуна алып келген. 27-декабрь түнү алай-булай тушкөн жаратылыш кубулушу Чүй облусундагы Токмок шаарынын, Чүй, Ысык-Ата, Аламүдүн, Сокулук, Жайыл, Москва, Панфилов райондорунун; Талас облусундагы Манас, Кара-Буура райондорунун электр жарыгынын өчүрүлүшүнө алып келди.

Белгилей кетсек, учурда “Түндүк электр” ААКнын 128 электр куроочулардын ыкчам чыгуу-бригадасы жаратылыш кубулушунун кесепетинен өчүрүлгөн участоктордун электр энергиясын калыбына келтирүү менен алек. Ошондой эле, табыштама кабыл алуу кызматкерлердин иштери күчөтүлүп, атайын техникалардын бардыгы ишке тартылды.

Пикир

Оставить комментарий