• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Соцфонд аялдардын пенсия курагын 60 жашка чейин жогорулатууну сунуштады

Коом 0

Бишкек, 11.04.22. /Кабар/. Аялдарга карата пенсия курагын эки жылга, тактап айтканда, 58 жаштан 60 жашка жогорулатуу сунушталууда. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Гүлнура Жуматаева парламенттик угуу учурунда билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө пенсионерлердин 70 пайызы аялдар жана алардын жашоо узактагы эркектерге караганда жогору.

“Ошону менен катар аялдар эркектерге караганда пенсияга эрте чыгышат. Башка өлкөлөрдө эркектер менен аялдар бир куракта пенсияга чыгат. Мисалга, Европада бардыгы пенсияга 65 жаштан чыгат. Казакстанга буга этап-этабы менен өтүүдө. Россия муну мамлекеттик кызматкерлердин арасында киргизе баштады. Биз азырынча пенсия курагын теңдөө тууралуу сөз кылган жокпуз, аялдардын пенсия курагын 58ден 60ка чейин көтөрүүнү сунуштап жатабыз. Чынын айтсам мамлекеттик кызматта 58 жаштан эч кимдин пенсияга кеткиси келбейт. Аялдар 58 жашта дагы эле жаш бойдон”, – деди Жуматаева.

Пикир

Оставить комментарий