• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Энергетика тармагындагы жагдай аба ырайынын өзгөрүшүнө карабастан штаттан тышкары эмес - Калиев

Коом 0

Бишкек, 27.12.17. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Энергетика тармагындагы жагдай аба ырайынын өзгөрүшүнө карабастан штаттан тышкары эмес. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында “Улуттук энергетика холдинги” ААКнын төрагасы Айбек Калиев билдирди.

Анын айтымында, катуу шамал менен суу кардан улам жер-жерлерде электр энергиясы өчүрүлгөн.

“Бүгүн Бишкекте 50 федер токтоп турат, Чүй жана Талас облустарында 55, Ошто кеминде 10”, - деди ал.

Калиев мобилдик бригадалар авариялык кырдаалдарды четтетүүнүн үстүндө иштеп жатышканын билдирди.

“Биз бактарды кыйганыбызга карабастан, айрым жерлерде бактар кыйрап, чубалгыларды үзүп кеткен. Учурда биз бардык аймактар жана облустар менен бирге селектордук жыйын өткөрдүк. Кырдаал көзөмөлүбүздө, штаттан тышкары жагдайды көргөн жокпуз”,- деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий