• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкек-Ош унаа жолу убактылуу жабылды

Коом 0

Бишкек, 27.12.17 /Кабар/. Бишкек-Ош унаа жолу убактылуу жабылды. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош унаа жолунда туруксуз аба ырайына жана кардын калың жаашына байланыштуу жол тыгындар пайда болгон. Кырдаалдын мындан ары оорлошуна, адам өлүмүнө жол бербөө, материалдык чыгымдарды болтурбоо максатында Чүй облусунун Жайыл районундагы Сосновка, Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Арал, Кара-Көл шаарындагы посттордо, Талас облусунун Өтмөк ашуусунда оор жүк ташуучу жана жеңил унаалар үчүн убактылуу чектөө киргизилип, Бишкек-Ош унаа жолу убактылуу жабылды. Анын алуунусу боюнча кошумча маалымат берилет.

Андан сырткары, 2017-жылдын 27-декабрынан 29-декабрына чейин жаап өткөн жана туруксуз аба ырайына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош авто унаа жолундагы Төө-Ашуу ашуусунун 121-138-чакырымдары жана Ала-Бел ашуусунда, Чычкан капчыгайынын 198-265-чакырымдарында, Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука-Каныш-Кыя автоунаа жолунун 65-97-чакырымдарында, Красная-Горка-Ак-Таш автоунаа жолунун 1-9-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлүүдө. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Белгилей кетсек, кооптуу участоктордогу кар көчкүлөрдү атайылап түшүрүү иш-чараларын жүргүзүү максатында Бишкек-Ош автоунаа жолунун 132-137- жана 198-255-чакырымдарында артиллериялык жабдыктарын колдонуу менен 2017-жылдын 27-декабрынан 31-декабрга чейин кар көчкүлөрдү мажбурлап түшүрүү иш-чаралары жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий