• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

“Тазалык”: Бишкекте таңкы 5тен бери кар тазалоо иштери жүрүүдө

Коом 0

Бишкек, 27.12.17. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. “Тазалык” муниципалдык ишканасы таңкы саат 5тен бери шаардык көчөлөрдү кардан тазалоо иштерин аткарууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине ишкананын директору Рысбек Сарпашев билдирди.

Анын айтымында, таң эртеден 19 атайын техникадан турган 4 бригада жолдорду тазалоо иштерин жүргүзүүдө. Ошондой эле шаардык тротуарларды тазалоого 4 унаа, кар чыгарууга 5 унаа ишке киргизилген. Учурда ишкананын жумушчулары жолдорго кум себишүүдө. Бул үчүн “Тазалыктын” 40 жумушчусу тартылган.

Сарпашев кар токтобой жаап жаткандыктан, жасалган иштер байкалбай жатканын белгиледи. Бирок ал ишкананын жумушчулары өз милдеттерин аткарууну улантып жатышканын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий