• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Узарбек Жылкыбаев: “УКМК Ө.Текебаевдин Кипрде К.Бакиев менен жолугушканы тууралуу маалыматты иликтеши керек”

Коом 0

Бишкек, 16-февраль /Кабар/. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети “Ата-Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин Кипрде бозгунда жүргөн мурдагы президент Курманбек Бакиев менен жолугушуусу тууралуу маалыматты иликтеши керек. Бул тууралуу бүгүн парламенттин жыйынында депутат Узарбек Жылкыбаев билдирди.

Ал белгилегендей, ата мекендик эле эмес, Түркиянын ЖМКлары дагы депутат Ө.Текебаев Кипрге барганында качып жүргөн мурдагы президент К.Бакиев менен жолугушканы тууралуу жазып жатышат. “Ө.Текебаев Кипрге конференцияга катышуу, Европарламенттин өкүлдөрү менен жолугушуу үчүн барганын ырастоодо, ошондой эле ал Кипр аралында жүргөн учурунда ал жакта өлкө башчысынын бизнеси бар экенин билгенин да айтты. Депутат эч кандай далил көрсөткөн жок. Бирок, ага карабай Президент Башкы прокуратурага Текебаевдин маалыматтарын текшерүүнү тапшырды. Мен УКМК “Ата Мекендин” лидери менен К.Бакиевдин жолугушуусу тууралуу маалыматты текшерсе туура болот деп ойлойм”,-деди У.Жылкыбаев.

Пикир

Оставить комментарий