• 88.33
  • 95.26
  • 0.96

Ноокат районундагы 190 орунга ылайыкталган мектептин курулушу быйыл бүтөт

Аймак 0

Бишкек, 26.09.23. /Кабар/. Ош облусуна караштуу Ноокат районунун Кургак-Тектир айылындагы 190 орундуу мектептин курулушун үстүбүздөгү жылы бүткөрүү пландалууда. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык-чарба агенттигинин директору Мырзабек Жыпаркулов билдирди.

Анын маалыматына караганда, аталган мектептин курулушу 2021-жылы башталган.

"Учурда окуу корпусу, спорттук залы бүткөрүлүп, ичинин жасалгалоосу жүргүзүлүп жатат. Андан тышкары, откана, таштанды таштоочу жай, кампа, сырткы дааратканасы курулуп бүттү", - деди ал.

Агенттиктин директору мектептин айланасын көрктөндүрүү-жашылдандыруу иштери жүргүзүлүп жаткандыгын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий