• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сузакта дайынсыз жоголгон 15 жаштагы Абдумалик Султанбаев изделүүдө

Аймак 0

Бишкек, 14.06.22. /Кабар/. Сузакта дайынсыз жоголгон 15 жаштагы Абдумалик Султанбаев изделүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Сузак районунун Винсовхоз айылынын 2007-жылы туулган тургуну Абдумалик Султанбаев үзтүбүздөгү жылдын 3-июнунда үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болууда.

"Учурда Абдумалик Султанбаевдин жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт", - деп айтылат билдирүүдө.

Белгилери: бою 140-150 см, кара-тору, орто бойлуу, кашы көзү кара, арыкчырай. Бираз кекечтенип сүйлөйт.

Кийген кийимдери: үстүндө ак түстөгү футболка, көк түстөгү чолок шым, бутунда кара түстөгү спорттук бут кийим.

“Дайынсыз болуп жаткан Абдумалик Султанбаев боюнча кандайдыр бир маалымат болсо биздин дарекке, же төмөнкү телефондор аркылуу 03722-7-39-90, 102, 0553780078, 0771936070 кабарлап коюуңуздарды суранабыз. Алдын ала көрсөткөн жардамыңыздар үчүн ыраазычылык билдиребиз”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий