• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кожошев Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жамаатына директордун орун басарларын тааныштырды

Коом 0

Бишкек, 13.06.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жамаатына директордун жаңы орун басарларын тааныштырды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин төрагасынын орун басарлары болуп Нурадил Баясов жана Нуржан Бардинова дайындалган.

Арзыбек Кожошев алардын ишине ийгиликтерди каалап, Инвестициялар боюнча агенттиктин алдына коюлган милдеттерди белгиледи.

«Биздин өлкөгө инвестиция тартуу экономикалык саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат.Кр президенти тарабынан ишке ашырылууга тийиш болгон амбициялуу милдеттер коюлду. Ал үчүн бардык күч-аракетиңиздерди жумшайсыздар деп ишенем», - деп жыйынтыктады Арзыбек Кожошев.

Пикир

Оставить комментарий