• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ноокатта жол кырсыгынан 3 адам каза болуп, 5 жүргүнчү жабыркады (видео)

Кырсык 0


Ош, 08.01.19. /Кабар/. Ош облусунун Ноокат районундагы Өрнөк айылында 6-январда болжол менен таңкы саат 07:00дөр чамасында жол кырсыгы катталган. Натыйжада үч адам каза болуп, беш жүргүнчү ооруканага жеткирилген.

Маалыматка ылайык, оор жүк ташуучу унаа менен «Toyota Estima» үлгүсүндөгү жеңил автоунаа кагылышкан. Видеодо көрүнүп тургандай кырсыктын натыйжасында жеңил унаанын жүргүнчүлөрү каза болгон.

Кагылышуу Ош - Исфана унаа жолунун 73-чакырымында болгон, Кадамжай районунун жашоочусу өзүнүн «Toyota Estima» унаасы менен чыгыштан батышты көздөй бара жаткан. Ал эми «МАН 26464» үлгүсүндөгү унааны Сузак районунун жашоочусу айдап бара жаткан. Кырсыктын натыйжасында «Тойота Эстима» унаасынын эки жүргүнчүсү жеринде каза болгон, дагы бир жүргүнчү ооруканадан көз жумган. Ошондой эле жеңил унаанын 5 жүргүнчүсү Кызыл-Кыя шаарынын аймактык ооруканасына жеткирилген.

Пикир

Оставить комментарий