• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте батирден пенсионердин сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 05.10.21. /Кабар/. Бишкектин Октябрь районунда батирден пенсионердин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, куткаруучулар Октябрь районунда 6-кичирайонундагы батирлердин биринин эшигин ачышканда ичинен 1960-жылы туулган П.В. аттуу кишинин жансыз денеси табылган. Ал ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Окуя болгон жерге 5 куткаруучу тартылган.

Пикир

Оставить комментарий