• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

420 миң сомдук чыгым. Ишкерден опузалап акча талап кылууга шектелип УКТ мүчөсү кармалды

Кырсык 0

Бишкек, 05.10.21. /Кабар/. Ишкерден опузалап акча каражатын талап кылууга шектелип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын үчүнчү башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турган жана эркинен ажыратылган жерлерде жазасын өтөп жаткандар узак убакыт боюу ишкерлерден ири суммадагы акча каражатын опузалап талап кылышкан.

2020-жылдын күз айында белгисиз адамдар товарларды ташуу жана жеткирүү менен алектенген ишкерге чалышып, коркутуу жолу менен акча каражатын талап кылышканы аныкталган.

“Ишкерге криминалдык чөйрөнүн өкүлү катары өзүн тааныштырган адам келип, акча каражатын жана толук товарын тартып алган. Ошондой эле ишкерден кирешенин бир бөлүгүн дайыма берип турушун талап кылышкан. Ишкерге жалпы суммасы 420 миң сомдук материалдык чыгым келтирилген”, - деп айтылат маалымтта.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 203-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту (“Опузалап талап кылуу”) менен сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлө баштаган.

Ыкчам тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүүлөрдүн бири Ысык-Ата районунда жашаган 31 жаштагы С.Б. Талас облусунан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Ал мурда Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс) 97-беренесинин негизинде соттолгон жана ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турат.

Пикир

Оставить комментарий