• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Бир күн ичинде 15 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 21.06.19. /Кабар/. Бир күн ичинде өлкө аймагында 15 өрт кырсыгы катталып, өрт өчүрүүгө 17 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Бишкектин Токтогул жана Тоголок-Молдо көчөлөрүнүн кесилишинде жеңил унаадан өрт чыгып, өрт бөлүмү окуя жерине барганга чейин өрт өчүрүлгөн.

Бишкектин Полевая көчөсүндө турак үйдүн жана сарайдын 90 чарчы метр чатыры күйгөн. Ал өрт кошуна үйгө өтүп, анын 60 чарчы метр чатыры күйүп кеткен. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Ошондой эле Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында Комсомол көчөсү №137 дарегинде турак үйдүн 80 чарчы метр чатыры жана 10 чарчы метр кире бериш бөлмөсү күйгөн. Өрттүн жалыны кошуна үйдүн кампасына өтүп, анын 28 чарчы метр чатыры күйгөн. Учурда өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий