• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ноокен жана Таш-Көмүрдө рейд өтүп, 5 күндөн бери дайынсыз болгон өспүрүм табылды

Аймак 0

Бишкек, 21.08.20 /Кабар/. Ноокен жана Таш-Көмүрдө рейд өтүп, 5 күндөн бери дайынсыз болгон өспүрүм табылды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ноокен райондук жана Таш-Көмүр шаардык милициясынын кызматкерлери тарабынан, балдарды социалдык коргоо боюнча комиссия менен биргеликте, тейлеген аймагында жайгашкан базарларда, коомдук жайларда, жол жээгинде мыйзамсыз кайырчылык-тилемчилик менен алектенген жаш өспүрүмдөр арасында «Тилемчи» аталышындагы атайын алдын алуу ыкчам иш-чаралары өткөрүлүүдө.

2020-жылдын 14-августунда Ноокен РИИБне Жалал-Абад шаарынын 1986-жылы туулган Ю.М. аттуу тургуну 2004-жылы туулган Ю.А. аттуу кызы тай атасы жашаган Ноокен районунун Бирлик айылындагы үйүнөн чыгып кетип, дайынсыз жоголгондугун билдирип кайрылган. Рейддин жүрүшүндө Ю.А. курбу кыздары менен жүргөн жеринен табылып, апасына өткөрүп берилген.

Иш-чаранын негизинде аныкталган ар бир жаш өспүрүмгө жана алардын ата-энелерине, мыйзамдуу өкүлдөрүнө, өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу, селсаяктык, тилемчилик менен алектенишкендигин болтурбоо жана балдардын ден соолугуна, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирбөө максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий