• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ноокенде сууга чөккөн 5 жаштагы кыздын жансыз денеси табылды

Кырсык 0

Бишкек, 28.06.18. /Кабар/. Ноокенде сууга чөгүп кеткен 5 жаштагы кыздын жансыз денеси табылды, - деп билдирет ӨКМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, бүгүн болжол менен саат 09:00дөр чамасында кыздын жансыз денеси суудан жергиликтүү тургундар тарабынан табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди.

Эске сала кетсек, кечээ, 27-июнда Ноокен районунун Достук айыл аймагынын Кызыл-Туу айылында 5 жаштагы кыз сууга түшүп кеткен.

“Кызыл-Туу айылынын Орозбеков көчөсүнүн №34 үйгө тойго атасы менен кошо келген 2013-жылы туулган А. Н., аттуу кыз Достук каналынын жээгинде ойноп жатып, сууга түшүп чөгүп кеткен. ӨКМдин куткаруучулары издөө иштерин жүргүзүшүп, кечки саат 21:00дө натыйжа болбогондуктан убактылуу издөө токтотулган болчу”, - деп билдиришти ӨКМден.

Пикир

Оставить комментарий