• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Новиков Баткендеги иштерден кийин Бишкекке кайтууда

Өкмөт 0

Бишкек, 06.05.21. /Кабар/. Бишкекке кайтуудабыз. Баткен облусундагы кырдаал туруктуу, деп билдирди министрлер кабинетинин орун басары Артем Новиков билдирди.

Анын айтымында, бул жердеги миссия аяктады, мындан ары Баткен облусунун чек аралаш айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссия жана чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссия иштейт.

«Тилекке каршы биз орду толгус жоготууга учурадык, 36 жараныбыздан айрылдык. Башкысы – биздин аскерлерибиз жана офицерлерибиз өлкөнү коргошуп, анын аймактык бүтүндүгүн сактап кала алышты. Алар эң жогорку сыйлыктарга татыктуу»,-деп жазды Новиков.

Пикир

Оставить комментарий