• 88.33
  • 95.26
  • 0.96

Новопавловка айылында турак үйдөн өрт чыкты

Кырсык 0

Бишкек, 08.02.20. /Кабар/. Чүй облусунун Сокулук районундагы Новопавловка айылынын Фрунзе көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Такталган маалыматтарга ылайык, чыккан өрт саат 18:32де толугу менен өчүрүлгөн. Жакын жайгашкан башка объектилерге тилсиз жоонун жайылышына жол берилген жок.

Өрттүн кесепетинен жабыркаган жана каза болгондор жок.

Пикир

Оставить комментарий