• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Новопокровка айылындагы 3 көп кабаттуу үй жарыксыз калды

Коом 0

Бишкек, 23.12.19. /Кабар/. Бүгүн, 23-декабрь түнүндө саат 03:20да Новопокровка айылынын Ленин көчөсүндөгү № 534 А, 534 Б, Набережная көчөсүндөгү №65 көп кабаттуу үйлөрүндө электр энергиянын авариялык өчүрүлүшү катталды. Бул тууралуу "Түндүкэлектр" ишканасынан билдиришти.

"Саат 04:00 чамасында жерине барган бригада №559 трансформатордук көмөк чордондон тартылган 0,4 кВ изоляцияланган аба электр чубалгылары күйүп кеткендигин аныктаган. Аталган чубалгы жогоруда көрсөтүлгөн үйлөрдү гана эмес, жылытуучу казанды да (котельная) электр энергия менен камсыздайт. Электр энергиянын өчүшүнө изоляцияланган аба электр чубалгыларынын жүктөмдү көтөрө албагандыгы себеп болгон", - деп айтылат маалыматта.

Ишканадан билдиришкендей, Кант РЭТнин өкүлдөрү "Жылуулуккоммунэнерго" ишканасына жана Мамтехэкоинспекциясына туура эмес кошулуу чекити тууралуу бир нече ирет кайрылган. Бирок, азыркы күнгө чейин чара көрүлгөн эмес.

Саат 09:00дөн тарта бригада иштен чыккан жабдууларды ондоодо.

Пикир

Оставить комментарий