• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Новосибирсктеги жарандар азырынча алынып келбейт, алардын жатакана маселеси чечилди – ТИМ

Коом 0

Бишкек, 13.04.20. /Кабар/. 11-апрелге белгиленген "Сибирь" (S7) авиакомпаниясынын "Новосибирск-Бишкек-Новосибирск" багытындагы чартердик каттамы болбой калгандыгына байланыштуу Кыргызстандын Новосибирстеги Башкы консулдугу билдирүү жасады.

"Башкы консулдуктун кызматкерлери Новосибирск облусундагы диаспоранын активдүү мүчөлөрү менен биргеликте Новосибирск шаарындагы мейманканаларда Кыргызстанга кетүүнү күтүп жаткан 132 мекендештерибиз менен жолугушуу өткөрүп – алардын жатаканасы жана тамак-ашы Эл аралык миграция уюмунун (ЭМУ) Кыргызстандагы миссиясы тарабынан төлөнгөн, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Жолугушуу учурунда башкы консул К. Маматалиев жарандарга Кыргызстандагы коронавируска байланышкан кырдаалга ылайык жакын арада Кыргызстанга аба каттамдар болбой тургандыгын кабарлады. Андан сырткары жатакана жана тамак-аш маселесин каржылоо, жумушка жайгаштыруу, миграциялык каттоо мөөнөтүн узартуу боюнча суроолорго жооп берди", - деп айтылат маалыматта.

Башкы консулдуктан билдиришкендей, бүгүнкү күндө 132 кишинин жатаканасын ЭМУнун Кыргызстандагы миссиясы төлөп берсе, тамак-ашын кыргыз диаспорасы уюштурат. Хостелде жайгашкан жарандардын арасынан 4 жаран кыргызстандык мекендешибиз ээлик кылган "Андар" жеке медициналык борбордон дарыгерлердин текшерүүсүнөн өткөрүлгөн.

Ошону менен бирге 11-апрель күнү каза болгон үч кыргызстандык жарандын сөөгү (жүк 200) Казакстандын аймагы аркылуу автомобилдик транспорт менен Кыргызстанга жөнөтүлгөн.

"Башкы консулдук Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин алдындагы курамында күн-түн режиминде иш жүргүзүп жатат. Керектүү кеңештерди +79607812324 телефон номери аркылуу жана konsulsib.kg@mail.ru электрондук дареги аркылуу алууга болот. Кыргызстандын жарандарын Россия бийлиги киргизген медициналык жана санитардык эрежелерди бекем сактоого жана эпидемологиялык кырдаал турукташканга чейин Кыргызстанга барбай турууга чакырабыз", - деп билдирет Башкы консулдук.

Пикир

Оставить комментарий