• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Нурланбек Шакиев Казакстандын элчиси Рапил Жошыбаевди кабыл алды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 26.12.22. /Кабар/. Бүгүн, 26-декабрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Рапил Жошыбаевди кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакалар тууралуу сөз болуп, анын ичинен парламенттер аралык кызматташтыкка тиешелүү маселелер талкууланды.

Нурланбек Шакиев канатташ жашаган кыргыз-казак мамилеси акыркы жылдары жигердүү өнүгүп жатканын белгилеп: “Дүйнөдө бизден жакын эл жок. Кайгырса да, кубанса да бирге болгон эгиз элдин ынтымагын мындан ары да арттырып, стратегиялык өнөктөштүгүн өөрчүтүү башкы максатыбыз. Андыктан ар тараптуу алакаларды кеңейтип, калыптанган соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыгыбызды улантышыбыз кажет”, – деди.

Муну менен катар жакында эле Казакстанда болгон президенттик шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктаган төрага: “Касым-Жомарт Токаевдин жетекчилиги астында боордош казак элинде ири реформалар ишке ашырылып, байланыштарыбыз жаңы деңгээлге көтөрүлөт деген ишеничтемин”, – деп кошумчалады.

Андан тышкары, ал соода жүгүртүүнүн көлөмүн жогорулатуу, чек арадагы тоскоолдуктарды жоюу жаатындагы маселелерге токтолду. Алсак, эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмүн 2 млрд АКШ долларына жеткирүү максатталган.

Өз кезегинде, Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Рапил Жошыбаев дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн алкагында жасап жаткан иштери тууралуу маалымат берип, энергетика, коммуникация, транспорт жаатында мерчемделген долбоорлор тууралуу кеп кылды.

Ошондой эле аймактар аралык байланышты бекемдөө багытында да тийиштүү иштер жүргүзүлүп жатканын айткан элчи эки өлкөнүн жергиликтүү жетекчилери ортосунда форум өткөрүү планы бар экенин билдирип, баарлашууда айтылган сунуштардын бардыгын эске аларын кошумчалады.

Мындан сырткары, жолугушууда Казакстан Парламентинин Сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев расмий иш сапары менен Кыргызстанга келери айтылды.

Пикир

Оставить комментарий