• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Нурсултан Назарбаевдин иниси Болат Назарбаев каза болду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 13.11.23. /Кабар/. Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин иниси Болат Назарбаев каза болду.

Kazinform маалымдагандай, Борбордук клиникалык ооруканадан Болат Назарбаевдин каза болгондугун тастыкташты.

"2023-жылдын 13-ноябрында саат 09:51де Болат Назарбаев узакка созулган оорудан кийин каза болду", — деп айтылат оорукананын басма сөз кызматынын билдирүүсүндө.

Назарбаев Болат Абишевич 1953-жылы Алматы облусунда туулган.

Пикир

Оставить комментарий