• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Астанада 8-ноябрда ЖККУнун жыйыны болот

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 29.10.18 /Кабар/. Астанада 8-ноябрда мамлекет башчылар деңгээлинде Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) жыйыны өтөт, - деп билдирет Казакстандын тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы.

Астанада 8-ноябрда күндүн биринчи жарымында ЖККУнун катарына кирген тышкы иштер министрлеринин жолугушуусу өтөт, ал эми күндүн экинчи жарымында мамлекет башчылары деңгээлинде ЖККУнун сессиясы башталат.

ЖККУга Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстан кирет.

Пикир

Оставить комментарий