• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ок атууну токтотуп, аскерлерди чыгарып кетүү. Кыргызстан менен Тажикстандын УКМК жетекчилери эмнени макулдашышты

Коом 0


Бишкек, 01.05.21. /Кабар/. Кыргызстан менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагалары Камчыбек Ташиев жана Саймумин Ятимов сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, журналисттердин алдында сөз сүйлөдү.

Камчыбек Ташиев сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында 4 пункттан турган протокол кабыл алынганын айтат.

“Бул протокол эки өлкөнүн кызыкчылыгына жооп берет. Биздин жарандарыбыз оор күндөрдү башынан өткөрүп жатат. Эки өлкө үчүн тең кайгы болду. Ишти жүргүзүү кыйынга турду, ага карабастан, биздин мамлекеттердин башчыларынын көрсөтмөлөрү боюнча ок атууну толугу менен токтотуп, бардык аскерлерибизди алардын туруктуу жайгаштырылган жерлерине алып кетүүнү чечтик. Мындан ары урматтуу коңшуларыбыздын аракеттери жана биздин аракеттерибиз менен биздин өлкөлөрдө, айрыкча чек ара аймактарында тынчтык жана бейпилдик орнойт”, - деди Ташиев.

Ал эми Саймумин Ятимов чек арага жакын аймактарда орун алган окуя эч качан кайталанбашы керектигин белгилейт.

“Ал жерлерде биздин жарандарыбыз жашайт. Биз, саясатчылар бардык маселелерди чечип, өз жарандарыбызга достукта жана тынчтыкта жашоого мүмкүнчүлүк түзүп беришибиз керек. Кыргыз-тажик жеринде тынчтыкка жана туруктуулукка жетишүү боюнча принципиалдуу келишим жетишилди. Биз муну мүмкүн болушунча эртерээк чечебиз деп ишенем”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий