• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстан менен Тажикстан күч түзүмдөрү жайгашкан жерлерди биргеликте кыдырууну баштады

Коом 0

Бишкек, 01.05.21. /Кабар/. 2021-жылы 1-май саат 18:15ке карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы абал салыштырмалуу туруктуу деп бааланууда. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирди.

Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын өкмөттүк делегацияларынын ортосундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында тараптардын күчтөрүн жана каражаттарын андан ары туруктуу жайгашкан жерине чыгарып кетүү үчүн жайгашкан жерлерин биргеликте кароо башталды.

Баткен облусунун Жака-Өрүк тилкеси аркылуу өтүүчү Ош-Исфана унаа жолу боюнча унаа каражаттарынын өткөрүү калыбына келтирилди.

Пикир

Оставить комментарий