• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Октябрь РИИБ башчысынын орун басарынын баш коргоо чарасы тандалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 22.11.21. /Кабар/. Биринчи май райондук соту тарабынан шектүү Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Бегайым Турапованы 2022-жылдын 18-январына чейин үй камагына чыгаруу баш коргоо чарасы тандалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирет.

Белгилей кетсек, Бегайым Турапова 18-ноябрда алдамчылыкка шектелген Асыл Талипованын иши боюнча кармалган.

Буга чейин бул иш боюнча Октябрь РИИБдин башчысы Уланбек Аалиев, Октябрь РИИБнин тергөө кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Талгат Кубатбеков жана тергөөчүлөр «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча кармалышкан. Алар кыйноо, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана пара талап кылууга шектелишүүдө.

Пикир

Оставить комментарий