• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Окумуштуу Асейин Аракеев дүйнө салды

Коом 0

Бишкек, 30.06.23. /Кабар/. Көрүнүктүү окумуштуу, коомдук-саясий ишмер, Кыргыз Республикасынын Инженердик академиясынын академиги Асейин Аракеев Асейин 29-июнда дүйнө салды. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Аракеев Асейин Абдраманович 1948-жылдын 3-июнунда Нарын облусунун Нарын районунун Дөбөлү айылында туулган.

Ал көрүнүктүү окумуштуу, саясий-коомдук ишмер, техника илимдеринин кандидаты, доцент, Кыргыз Республикасынын Инженердик академиясынын академиги;

• Мамлекеттик кызматтын 1-класстагы кеңешчиси;

• “Кыргызстан – Араб өлкөлөрү менен достугу” коомунун президенти;

• Кыргыз Республикасынын эл аралык соода жана маркетинг ассоциациясынын президенти;

• Кыргыз Республикасынын Инженердик академиясынын коммуникациялар, транспорт жана байланыш комитетинин төрагасы;

• “Теңир Тоо – Нарын Ынтымагы” коомдук бирикмесинин президентти кызматтарын аркалаган.

• “Кыргызстан – Кытай достугу” коомунун төрагасы;

• Кыргызстан аксакалдар кеңешинин төрагасынын орун басары;

• Учурунда "Монолдор" коомун төрагасы катары коомду түптөө жана уюштуруу боюнча зор иштерди турмушка ашырган.

Аракеев Асейин Абдрамановичтин үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

А.Эргешов, А.Сапаров, Э.Садыкова, Ж.Беккелдиев, Б.Дүйшөналиев, А.Аттокур уулу, С.Асаналиев, К.Атажанов, Н.Мадимаров.

Пикир

Оставить комментарий