• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Онлайн университети: Бүгүн кыздардын карьерасы туурасында вебинар өтөт

Коом 0

Бишкек, 20.06.20. /Кабар/. Онлайн университетинин балдар жана ата-эне лабораториясы бүгүн, 20-июнда саат 15:00дө "Кыздардын карьерасы" темасында вебинар өткөрөт. Бул тууралуу аталган вебинардын уюштуруучуларынын бири Элира Турдуева билдирди.

Вебинарда кыздарга кесип тандоодо жолтоо болгон гендердик стереотиптер талкууга алынып, алардын кыздардын келечегине тийгизген таасирлери тууралуу сөз болот. Муну менен катар кыздар ийгиликтерге жетишкен кесиптер тууралуу айтылып, кыздарга карьералык өсүүгө толук шарт түзгөн тең эмгек укуктары тууралуу маалыматтар берилет.

Вебинардын спикерлери Жарандык катышуу боюнча эксперт Элмира Жолдошева, гендердик маселелер боюнча адис Аида Бектурова жана Full Stack веб-иштеп чыгуучу Алтынай Турсунбекова.

Эске салсак, Онлайн университетинин балдар жана ата-эне лабораториясы муундар арасындагы байланыштар, үй-бүлө, ата-эне, аялдар жана балдар маселелери, анын ичинде балдарды китепке, искусствого кызыктыруу жана технология заманында балдардын психологиялык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен тарбия берүү маселелери боюнча кеңеш берүү максатында түзүлгөн.

Вебинардын шилтемеси

Идентификатор конференции: 918 1218 4997

Пароль: 178288

Пикир

Оставить комментарий