• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кара-Сууда оор шартта жашаган 8 үй-бүлөгө жаңы курулуп жаткан соцшаарчадан үй берилет

Аймак 0

Бишкек, 30.09.21. /Кабар/. Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов Кара-Суу районунун Ачы массивинде 2020-жылдан бери контейнерде жашап жаткан 8 үй-бүлөдөн кабар алды. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирет.

Ош облусунун башчысы тургундардын көйгөйү менен жеринен таанышып, электр энергия жана турак жай маселесин чечип берүүнү убада кылды.

“Сиздердин жашоо шартыңыздарды жеринен көрүүгө атайын келдим. Бул жердеги 8 үй-бүлөгө тезинен жардам беришибиз керек экен. Оор шартта жашаган 8 үй-бүлөгө Кара-Суу районунда курулуп жаткан социалдык шаарчадан батир берүү маселесин карап жатабыз. Ага чейин электр энергиясын тартуу, кышкысын көмүр менен камсыздайбыз. Кийинки жылы социалдык шаарчанын курулушу бүтөт. 8 үй-бүлөнү ошол жака көчүрөбүз”, - деди Зиядин Жамалдинов.

Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн тапшырмасы менен бүгүн 30-сентябрь күнү 8 үй-бүлөгө азык-түлүк жана ун берилет, 10-октябрда ар бир үй-бүлөнү көмүр менен камсыздалып, 25-октябрга чейин электр энергиясын тартылып, таза суу менен камсыздалат.

Маалымат үчүн: Июнь окуясынан жабыркаган 8 үй-бүлө 2020-жылга чейин Төлөйкөн айылында убактылуу күн кечирип келишкен. Аталган тургундар 2020-жылдан бери Ачы массивинде ӨКМ тарабынан коюлган убактылуу үйлөрдө жашап жатышат. Алар үчүн 2013-жылы Ачы массивинен ар бирине 6 сотыхтан жер бөлүнүп берилип, бирок электр энергия сыяктуу көйгөйлөрү чечилбей келген. Былтыркы жылы 8 үй-бүлөгө көмүр, акчалай жардамдар берилип, күндөн кубат алып электр энергиясын берүүчү жабдыктар орнотулган.

Пикир

Оставить комментарий