• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ооруканада каза болгон өспүрүм: Дарыгерди үй камагына чыгарышты

Укук тартиби 0

Бишкек, 15.11.18. / Кабар/. Невропатолог дарыгер ийне сайгандан кийин өспүрүм каза тапкан иш сотто каралып, дарыгер үй камагына чыгарылды. Бул маалыматты “Кабар” агенттигине Бишкек ШИИБнин басма сөз кызматынан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, мындай чечимди Бишкектин Свердлов райондук соту чыгарган.

Эске сала кетсек, Бишкектеги №8 ооруканада дарыгердин кабыл алуусунда болгон 15-16 жаштагы кыз каза болгон. Белгилүү болгондой, дарыгер ага ийне салгандан кийин өспүрүмдө аллергиялык реакция жүргөн.

Пикир

Оставить комментарий