• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Балага кайсы гендер энеден, кайсылар атадан өтөт?

Дүр дүйнө 0

Эгер сиз өз дарегиңизге “апаңызга куюп койгондой окшош экенсиң” деген билдирүүлөрдү уксаңыз, бул чындыкка коошпойт деп билиңиз. Чындыгында биз (өзгөчө аялдар) көбүрөөк апаларыбызга эмес, аталарыбызга окшош келебиз.

Балдар көбүнчө ата-энесинен мурундарынын учтарынын формасын, оозунун тегерегиндеги аймакты, бетинин сөөгүнүн өлчөмүн, көздөрүнүн бурчтарын жана ээгинин формасын мурастап алышат

Андан сырткары бойго бүткөнгө чейин атанын жашоо образы, анын тамактануусу жана өзүн кандай сезүүсү болочоктогу баланын ден соолугунун негиздерин түзөт. Балага кайсы белгилер атасынан, кайсылар апасынан өтөрү тууралуу ушул макаладан окуңуз.

Адатта эненин гендери баланын ДНКсынын 50 пайызын түзөт, атаныкы калган 50 пайызын. Бирок эркектин гендери аялдыкына салыштырмалуу агрессивдүүрөөк. Андыктан алар өздөрүн көп учурда көрсөтүшөт.

Баланын жынысы

Болочоктогу баланын жынысы атасынан көз каранды. Бала энесинен дайыма X-хромосоманы алат, ал эми атасынан X-хромосоманы (бул учурда кыз төрөлөт) же Y-хромосоманы (бул учурда эркек болот) алат.

Эгерде эркектин эркек бир туугандары көп болсо, анын да көп баласы болот, эгер эже-карындаштары көп болсо, кыздары көбүрөөк болот. Айрым эркектердин гана спермасы X жана Y-хромосомаларынын тең катышын камтыйт. Аларда бирдей ыктымалдуулук менен эркек да, кыз да төрөлөт.

Y-хромосома X-хромосомага салыштырмалуу азыраак гендерди камтыйт жана алардын бир бөлүгү эркектин жыныстык органдарынын түзүлүшүнө жана сперматозоиддерди иштеп чыгарууга жооп берет. Мындан улам эркек баланын сырткы көрүнүшү көбүрөөк энесиникине окшош болот. Ал эми кыздар Х-хромосоманы атасынан да, апасынан да алгандыгы үчүн алардын жүзүнүн кимге окшош болорун алдын ала айтуу мүмкүн эмес.

Тиштердин абалы

Эгер атасы стоматологиялык клиникаларга көп барса, баласы да тиш доктурга көп барат. Бирок баланын тиштеринин түзүлүшү жана өлчөмү атасыныкына да, апасыныкына да окшош болушу мүмкүн.

Акыл-эси

Интеллектке жооп берген гендер Х-хромосомада болот. Андыктан энелер уулдарына өздөрүнүн акыл-эс жөндөмдүүлүктөрүн өткөрүп беришет.

Кыздар менталдык жөндөмдүүлүктөрүн атасынан да, апасынан да алышат. Бирок балдар апасынын 40 пайыз интеллектин мурастап алышат, калганы тарбиянын натыйжасынан болот.

Салмагы

Баланын төрөлгөндөгү салмагына энеси гана таасир этет. Кийинчирээк анын ашыкча салмакта болушу же арык болушу атасынан да, апасынан да өтүшү мүмкүн. Атасы канчалык чоң салмакта болбосун, апасы арык болсо, бала орто дене түзүлүштө төрөлөт. Эгерде апасы ашыкча салмактан жабыркаса, балага бул нерсе өтүшү мүмкүн.

Боюнун узундугу

Баланын боюнун узундугуна апасына салыштырмалуу атасы көбүрөөк таасирин тийгизет. Узун бойлуу эркектердин балдары төрөлгөндө эле бою узун болот. Жалпысынан баланын бою 60 пайыздан 80 пайызга чейин анын атасы же апасы аркылуу аныкталат. Калганы анын тамактануусунун натыйжасы, жашоо образы жана ден соолугуна байланыштуу.

Беттеги уячалар

Беттеги уячалар - бул доминанттык белги. Эгер уяча ата-энесинин биринде болсо, анын балада болушунун ыктымалдуулугу жогору.

Пикир

Оставить комментарий