• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Орозо айтты белгилөөнүн так күнү маалым болду

Коом 0

Бишкек, 29.05.19. /Кабар/. Кыргызстанда 5-июнь күнү Орозо айт майрамы белгиленет. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Муфтияттын басма сөз катчысы Максат Атабаев билдирди.

Ал билдиргендей, Орозо айт күнү борбор калаада Айт намазы болуп, муфтий Максатбек Токтомушев келгендерди Айт майрамы менен куттуктайт.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда салт болгондой Айт күнү даамдуу тамактардын түрү жасалып, туугандар, кошуналар, тааныштар бири-бирине барып айылдашат.

Орозо айт майрамы ыйык Рамазан айынын аякташын билдирет.

Пикир

Оставить комментарий