• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Game of Thrones'дун жылдызы Кит Харингтон стресстен арылуу үчүн дарылануудан өтүүдө

Дүйнө 0

Бишкек. 29.05.19 /Кабар/. Game of Thrones сериалында Джон Сноудун ролун аткарган британиялык актер Кит Харингтон сериал бүткөн соң стресстен арылуу үчүн дарылануудан өтүүдө. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазды.

"Кит Харингтон графигиндеги бош убактысын туура колдонуп, өзүнүн жеке маселелерин чечүү үчүн бир нече убакыт ден соолукту чыңдоо борборлорунун биринде болууну чечти", - деди актердун өкүлү.

Ал башка маалымат берген жок. Бирок америкалык басылмалардын маалыматы боюнча, Харингтон сериалдын бүткөнүнө кыжалат болуп, реабилитациялык борборлордун бирине кайрылып, стресстен арылуу үчүн дарыланууда. Акыркы учурда ал алкогольду көп ичип баштаганы кабарланат.

Эске салсак, Game of Thrones сериалын дүйнөнүн 150 өлкөсүндө көрүшкөн. Тасманы көргөндөр тууралуу так маалымат айрым өлкөлөр боюнча гана бар.

Ошондуктан дүйнө боюнча канча адам бул сериалды көргөнү тууралуу так маалымат жок.

Пикир

Оставить комментарий