• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Орто-Сай айылындагы унаанын айдоочусу табылды

Коом 0

Бишкек, 31.01.18. /Тумара Туратбекова – Кабар/. “Орто-Сай” айылында таштап кетишкен, айнектери караңгылатылган “Мерседес Бенц” унаасынын айдоочусу табылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Алардын маалыматына ылайык, окуя болгон жерге Ленин райондук ИИБнин кызматкерлери барып, окуянын кандай болгондугун такташкан.

“Унаанын айдоочусу табылды. Маалым болгондой, унаа эч кандай жол кырсыгына кабылган эмес. Алдыңкы айнеги коопсуздук жаздыкчасы иштеп кеткенде (airbag) сынып кеткен”,-деп билдиришти ИИМден.

Айдоочу билдиргендей, унаанын чындыгында эле көйгөйлөрү көп болгондуктан ошол жерде калтырган.

ИИМден кабарлашкандай, унаа айып токтотуучу жайга токтотулат.

Эске сала кетсек, Орто-Сай айылындагы Иманалиева көчөсүндө жолдун жарымында белгисиз бирөө жараксыз абалга кептелген унааны таштап кеткен.

Пикир

Оставить комментарий