• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Орусияда тажикстандык наристе өлтүрүлгөндөн кийин төрт полициячы иштен алынды

Дүйнө 0

Бишкек, 27.07.18. /Кабар/. Серпуховдо балдар аянтчасындагы күмөндүү киши тууралуу жергиликтүү кишилерден түшкөн билдирүүлөргө кулак төшөбөгөн төрт полиция кызматкери иштен алынды. Бул тууралуу Орусия ИИМинин Москва облустук башкы башкармалыгы билдирди.

Текшерүүнүн жыйынтыгында шаардык полиция башчысынын орун басары, коомдук тартипти сактоо бөлүмүнүн башчысы, тилкелик полициячы жана анын орун басары жумуштан бошотулду.

Наристе 22-июлда жергиликтүү жашоочу тарабынан зордукталган жана өлтүрүлгөн. Анын сөөгү 23-июлда Серпуховдогу темир жол станциясынын жанында спорттук баштыктан табылган.

Соттук-медициналык экспертизада кыз зордукталып, андан кийин бычак менен сайылып өлтүрүлгөнү аныкталган.

Тергөө комитетинин Москва облустук башкармалыгы кылмышка шектүү катары 28 жаштагы жергиликтүү жашоочу, кыздын ата-энесинин кошунасы Александр Семин кармалганын билдирген.

Тергөө учурунда 2017-жылы жергиликтүү жашоочу полицияга кайрылып, Хувайданы өлтүрүүгө айыпталган киши кызына карата “адепсиз аракеттерди жасаганы” тууралуу даттанганы белгилүү болду. Бирок тилкелик полиция кызматкери статистиканы бузгусу келбей, кылмыш ишин козгоодон баш тартуу боюнча токтом чыгарган.

Пикир

Оставить комментарий