• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

“Ош” аэропортунун күтүү залынын аянты кеңейтилди

Аймак 0

Бишкек, 02.08.18. /Кабар/. 2018-жылдын июлунда “Ош” эл аралык аэропортунун аэровокзалынын имаратын кеңейтүү боюнча куруу-монтаждоо иштеринин кезектеги баскычы аяктады. Бул тууралуу “Эл аралык “Манас” аэропорту” ААКтын басма сөз кызматынан билдиришти.

Бүгүнкү күнгө карата “Ош” аэропортунун күтүү залын 1500 чарчы метрге чейин кеңейтишти. “Ош” аэропортунун аэровокзалынын кошумча курулушу” долбоору 2017-жылы иштелип чыккан.

“Ош” аэропортунда жыл сайын жүргүнчүлөрдүн агымы көбөйүүдө. Буга байланыштуу аэровокзалды кеңейтүү жана модернизациялоо муктаждыгы пайда болду.

Аэровокзал комплексине учуп келүү жана кетүү залдары, VIP-зал жана расмий делегациялардын залы кирет. Булардын баары жүргүнчүлөрдү тейлөө сапатына, ыңгайлуулукка таасир этет. Учурда аэровокзал комплексинин өткөрүү жөндөмдүүлүгү саатына 550-600 адамды түзөт.

Учурда “Ош” эл аралык аэропортунун аэровокзал комплексинин жалпы аянты 9250 чарчы метрди түзөт. 2015-жылы 3500 чарчы метр болчу.

Пикир

Оставить комментарий