• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

“Ош” базардагы өрт: ИИМ кылмыш ишин козгоду

Коом 0

Бишкек, 13.04.18. /Кабар/. КР Ички иштер министрлиги Бишкектеги “Ош” базарында чыккан өрт боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине ӨКМ башчысы Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтуусунда, милиция “өрттөө” беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.

“Биз учурда өрттүн бардык версиясын карап жатабыз: өрттөө жана электр чубалгыларындагы чукул туташуу”-деп билдирди ал.

Белгилей кетсек, өрт бүгүн таң эрте башталган. Саат 7:40та өрт чектөөгө алынган. Өрттүн болжолдуу жалпы аянты 2 миң чарчы метрди түзөт.

Пикир

Оставить комментарий