• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош базардагы өрттөн беш өчүрүүчү жабыркады

Коом 0

Бишкек, 13.04.18. /Кабар/. Бишкектеги Ош базарында таң эрте чыккан өрттөн медициналык жардам сурап 5 адам кайрылган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат борборунун консультанты Елена Баялинова билдирди.

“Медициналык жардам сурап кайрылган 5 адам болду. Алар өрт өчүрүү кызматтарынын кызматкерлери. Төртөө күйгөн заттардан ууланышкан, 1 – 2-даражадагы термикалык күйүк, күйгөн жери 1%”, -деп билдирди Баялинова Бишкек Тез жардам кызматынын жандандыруу станциясынын башчысы Егор Борисовго таянып.

Белгилей кетсек, өрт эртең мененки 7:40та чектелген. Учурда өрт өчүрүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий