• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ош базарында башаламан соодага каршы күрөш уланууда (фото)

Коом 0

Бишкек, 15.12.18 /Кабар/. Ош базарында башаламан соодага каршы күрөш уланууда. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Ленин райондук акимиатынын кызматкерлери Бейшеналиева, Киев, Кулиев, Токтогул көчөлөрүндө жана Чүй проспектинде мыйзамсыз жайгашкан соода түйүндөрүн жок кылышууда.

Мындай иш-чара жума бою жүргүзүп, туура эмес жерде уюштурулган соода түйүндөрү алынды.

Рейддин алкагында милиция кызматкерлери электр энергиясын мыйзамсыз өткөрүп алган жана таштандыларын чогултпаган сатуучуларды дагы аныктап жатты.

Тартип сакчылары 30 ашуун административдик протокол түзүштү. Мындай текшерүүлөр айдын соңуна чейин жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий