• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Түркмөнстанда банкоматтардан акча чыгарууга чектөө киргизилди

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 15.12.18 /Кабар/. Лебап облусунун Түркмөнабад шаарынын жашоочулары төлөм карталарынан акча чыгара албай кыйналышууда. “Азаттыктын” түркмөн кызматы кабарлагандай, банкоматтардын алдында узун кезек жаралды.

Маалыматтарга караганда, Түрмөнабадда “Халкбанктын” банкоматтарында гана чектелүү өлчөмдө каражат бар. Бирок алардан 200 манатка чейин эле акча чыгарып алууга болот.

11-декабрда “Түркмөнстандын альтернативдүү жаңылыктары” басылмасы өлкөнүн ар кыл аймактарында банкоматтар алдында узун кезек жаралганын жазган.

Түркмөнстанда акыркы беш жылдан бери бюджеттик мекеме-ишканаларда иштеген кызматкерлердин маянасы банк карталарына которула баштаган. 2017-жылдын 1-январынан тарта пенсия, жөлөк пулдар дагы ушул система менен берилүүдө.

Түркмөнстан Улуттук банкынын маалыматы боюнча 2017-жылдын 1-январына карата түркмөн банктары 1 миллион 709 миң 603 даана төлөм карталарын чыгарышкан. Өлкө боюнча 14 858 терминал иштейт.

Пикир

Оставить комментарий